КӨЗГӨ САЙСА КӨРҮНГҮС
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Абдан караңгы, кап-караңгы, көрүүгө мүмкүн эмес, өтө караңгы. Не бир көзгө сайса көрүнгүс, айсыз түндө да өзү жалгыз чыгат (Укаев). Сени менен сүйлөшкөн адам көзгө сайса көрүнгүс түндө жол жүргөн жолоочуга окшойт (Медетов). Күздүн көзгө сайса көрүнгүс нөшөрлүү түндөрү (Борбиев). Чакан станциянын айланасы ого бетер караңгы, көзгө сайса көрүнгүс (Айтматов).